КОЖАКМЕТОВ
КОЖАКМЕТОВ Жакүл (24. 8. 1921, мурдагы Чүй облусу, Кызыл-Аскер району, Орто-Алыш кыштагы – 30. 1975, Фрунзе) – сүрөтчү, живописчи. Ленинграддагы И. Репин атындагы живопись, архитектура институтун бүткөн (1953).

Фрунзедеги сүрөт окуу жайында окутуучу (1953–1959, 1962–1967), директор, Кыргыз ССР сүрөтчүлөр фондунун башкы сүрөтчүсү (1970–1975) болуп иштеген. Чыгармачылыгын 1950-жылдары республикалык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышуу менен баштаган. Ж. Кожакметов негизинен тематикалык сүрөт жаатында иштеп, тарыхый окуяларды да чагылдырган: «Фрунзенин отрядына карай» (1958), «Акыркылар» (1957), «Жумуштан кайтуу» (1952), «Балерина» (1957), «Чек арачылар»

(1975) жана башкалар. Кожакметов чебер портретчи (Г. Айтиевдин, С. Каралаевдин портреттери, 1955; «Акындар», Г. Айтиев менен бирге тарткан коллективдүү портрет, 1957) болгон. Кожакметодун сүрөттөрү Кыргыз көркөм сүрөт музейинде сакталуу. Медалдар менен сыйланган.