КЕЙНC
КЕЙНC Жон Мейнард (5. 6.1883, Кембриж –21.
4. 1946, Суусекс графтыгы, Ферл) – англ. экономист– мамл. ишмер ж-а публицист– 20-к-дагы
экон. ой жүгүртүүнүн маанилүү агымдарынын биринин негиз салуучусу. Кембриждеги Королдук колледжде (1902–06) окуган. 1920-жылдан
Кембриж ун-тинин проф. «Индекс методдору» аттуу алгачкы экон. эмгеги үчүн 1909-ж. А. Cмит атн. сыйл. алган. 1930-ж. К-тин акча жүгүртүү теориясы б-ча өз лекциясынан турган «Акча
жөнүндө трактат»– 1936-ж. «Жумуштуулуктун–
проценттин жана акчанын жалпы теориясы» аттуу эмгектери жарыяланган. К. улуттук киреше– керектөө– сактам ж-а инвестиция сыяктуу агрегатталган көрсөткүчтөргө көңүл бурган ж-а экон. активдүүлүк деңгээлинин калыптануусун түшүндүрүүчү жалпы теорияны иштеп чыккан. 1944-ж. Эл аралык валюта фондун ж-а Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкын түзүү планын иштеп чыккан Бреттон-Вуд конф-ясына британиялык делегацияны жетектеп барган.
К. теориясы АКШда– Улуу Британияда ж-а бир
катар өлкөлөрдүн экономикалык саясатына
олуттуу таасир тийгизген.
Ад.: Скидельски Р. Д. М. Кейнс: Экономист, философ, государственный деятель. М., 2005. Кн. 1–2.