КЛАРНЕТ
КЛА́РНЕТ (лат. сlarus – ачык добуш)

– жыгачтан жасалган үйлөмө муз. аспап. Ал түтүкчө формада болуп, каналынын уз. 590–680 мм.
Анын үнү үйлөгөндө тилченин термелүүсүнүн негизинде чыгат. К. болжол м-н б. з. ч. бир нече миң жыл мурда пайда болгон. Андан Индияга, Малайзияга, Европага тараган. К. 1700-ж. Н юрнбергдик Й. К. Деннер т арабынан
ө р к үн дө т ү л гөн.
Азыркы К-те 20
капкакча, 7 көзөнөк бар. К. үйлөмө ж-а симф. оркестрлерде, камералык ансамблдерде колдонулат. К. үчүн Й. Гайдн, В. Моцарт, 19-к-да И. Мюллер, О. Буффе, Г. Клозе, Р. Вагнер ж-а И. Брамс көптөгөн чыгармаларды жаратышкан. 20-к-да К. аскердик ж-а үйлөмө аспаптар оркестринин, жаз ж. б. ансамблдердин негизги аспаптарынан болуп калды. Кырг-нда Кыргыз ССРинин эмг. сиң. арт. М. Мирахимов, В. Рахимов, М. Серажиддинов, КРдин эмг. сиң. ишмери Э. Шаршенбаев ж. б. кларнетчилер белгилүү.