КЛАРНЕТ
КЛА́РНЕТ (латынча сlarus – ачык добуш) – жыгачтан жасалган үйлөмө музыкалык аспап. Ал түтүкчө формасында болуп, каналынын узундугу 590–680 мм. Анын үнү үйлөгөндө тилченин термелүүсүнүн негизинде чыгат. Кларнет болжол менен биздин заманга чейин бир нече миң жыл мурда пайда болгон. Андан Индияга, Малайзияга, Европага тараган. Кларнет 1700-жылы Нюрнбергдик Й. К. Деннер тарабынан ө р к ү н д ө т ү л г ө н.

Азыркы кларнетте 20 капкакча, 7 көзөнөк бар. Кларнет үйлөмө жанаа симфониялык оркестрлерде, камералык ансамблдерде колдонулат. Кларнет үчүн Й. Гайдн, В. Моцарт, XIX кылымда И. Мюллер, О. Буффе, Г. Клозе, Р. Вагнер жана И. Брамс көптөгөн чыгармаларды жаратышкан. XX кылымда кларнет аскердик жана үйлөмө аспаптар оркестринин, жаз жана башка ансамблдердин негизги аспаптарынан болуп калды. Кыргызстанда Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти М. Мирахимов, В. Рахимов, М. Серажиддинов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Э. Шаршенбаев жана башка кларнетчилер белгилүү.