КЕБЕК БИЙ
КЕБЕК БИЙ Эсиркемиш уулу (т. ж. б. – 18-кдын 2-жарымы, Чүй өрөөнү) – солтонун бө-
лөкбай уруусунун бийи; кыргыз-казак мамилелери б-ча саясий ишмерлердин бири (к. Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары, Жайыл кыргыны). Калыс, сөзгө чебер болгондуктан, 1850- жылдары кыргыздардын курултайын уюштурууга ж-а аларды калмактан бошой баштаган мурунку конуштарына көчүрүүдө жигердүү роль ойногон (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши). 18- к-дын 2-жарымында конуш маселеси б-ча Эсенкул баатыр жүргүзгөн саясатты колдоп, кыргыз-казак мамилелеринин татаалданышына байланыштуу кыргыздардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Түлөберди м-н бирге саяк, талкан ж. б. урууларынын бийлери Садыр, Жайыл, Момоконду биримдикке чакырган. Кээ бир маалыматтарда Абылай хан кыргыздарга салык салып сынаганда, кыргыздардын атынан аны К. б. төлөп берген деп айтылат.
Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1.
Б., 1993; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.