КОММЕНТАРИЙ
КОММЕНТА́РИЙ – 1) кандайдыр бир текстке берилген түшүндүрмө; 2) бир нерсенин жөнүн чечмелеп түшүндүрүү, тактоо, аныктоо иретиндеги сын пикирлер, кошумча айтылган ойлор; 3) адабий текстти, мурастарды изилдеп, филол. багытта изилдеп-иликтөөнүн түрү. К. чыгармалар жыйнагында, мемуардык эмгектерде, атайын ил. басылмаларда ж. б. пайдаланылат.
Анда тиги же бул чыгарманын жазылыш ж-а басылыш тарыхынан кабар берилет, ал ж-дө жазылган ар түркүн эмгектер (макала, рецензия, пикир ж. б.) мүнөздөлөт, лингв., текстол. тактоолор жүргүзүлөт. К. мазмуну б-ча текстол., тарыхый-адабий, биогр., лингв. болуп бөлүнөт. Булардын ар бири өзүнө гана тиешелүү маселелерди К-лейт.