КОМПЬЮТЕР
КОМПЬЮ́ТЕР (англ. сomputer, сomputer – саноо, лат. – эсептөө дегенден) – маалыматты
иштетүү процессин автоматташтыруу үчүн колдонулуучу түзүлүш. К-нын иш-аракети программа аркылуу ишке ашырылат. «К.» терминин 1- жолу 1946-ж. англ. врач, илимпоз-энциклопедист Т. Браун киргизген. 1950-жылдан баштап эсептөө маселелерин чыгаруу үчүн К. деп аталган электрондук эсептөөчү машиналар (ЭЭМ) колдонула баштаган.
1834-ж. Ч. Бэббиж 1-жолу мех. эсептөөчү машина куруу идеясын айткан. 1930–40-жылдары Бэббиждин идеясы б-ча программа м-н башкарылуучу, релелик эсептөөчү машиналар
(К. Цузенин Z-1 ж-а Z-3, Г. Айкендин Mark–I)
курулган. 21-к-да К-дин бир канча мууну алмашты. Азыркы К. алгачкы К-дан арх-расы ж-а элементтик базасы м-н айырмаланат.
Ж. Фон Неймандын айрым жоболору принципиалдуу болбогондуктан, мис., фон Неймандын убагынан бери экилик системаны тандоо, негизинен элементтик база м-н аныкталган. Биринчи ж-а экинчи муундагы К. ушуга негизделген.
Бирок кийин фоннейман системасынын чектелүү экендиги байкалган. Бул системага ылайык, процессор эстен команданын бирин тандайт ж-а операндды текшерип, команданы аткарат да, жыйынтыгын эске жазат. Мына ошентип, эсептөө процесси эстин ырааты м-н (кадамдап) өзгөрүлгөн абалына алып келет. Кийин жарым өткөргүчтүү технологиялар өнүккөндүктөн, оперативдик эске караганда, борб. процессордун иштөөсү дайыма тез өнүккөн, бул болсо К. өндүрүмдүүлүгүн жогорулаткан. Бул каршылыкты жок кылуу үчүн борб. процессор м-н киргизүү-чыгаруу убактыларын бириктирүү, берилмени буферлөө, эсти бөлүштүрүү, тез регистрдеги эс, көп деңгээлдүү кэш-эс ж. б-ды киргизүү ишке ашырылган. Бул чечимдер процессор м-н эстин иштешин тең салмактайт, бирок бир эле команданы аткаруудан арылтпайт. Башка арх-ралык чечимдер бир эле убакта бир топ командаларды аткарууга шарт түзөт: процессордун бир программасынын
бир нече командасын иштетүү убактысын бириктирүү (конвейер), бир убакта бир нече программаны же бир эле команданы түрдүү берилмелер м-н аткарган көп процессордуу эсептөө системасын түзүү ж. б-ды ишке ашырылды.
Агымдык эсептөө тармагындагы биринчи иштер 1968-ж. (Д. Адамс) пайда болгон ж-а бир канча агымдык К. макети түзүлүп, агымдык программалоо тили Id (1978), SISAL (1983) ж. б. сунушталып, алгачкы коммерциялык К. ишке киргизилген. Агымдык арх-раны ишке ашырууда бир топ тех. ж-а технол. оор маселелер (көлөмдүү эс-тутум, татаал туташтыргычты куруу зарылчылыгы) келип чыккан. Учурда жарыш К. өзүнүн арх-расында эсептөө моделинин фоннеймандык ж-а агымдык элементтерин камтыйт.
К. иштөө принцибине ж-а иштетилүүчү маалыматты көрсөтүү ыкмасына жараша аналогдук ж-а санариптик, арналышы б-ча көп кырдуу (универсал) ж-а адистештирилген (башкаруучу, серверлер, жумушчу станция ж. б.) К. болуп айырмаланат. Тигил же бул мүнөздөмөсүнө жараша (өндүрүмдүүлүгү, процессор ж-а эстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү, оперативдүү эс сыйымдуулугу, көлөмү ж. б.) суперкомпьютер (супер-ЭВМ), чоң К. (к. Мэйнфрейм), миникомпьютер (к. Жеке компьютер), микрокомпьютерге бөлүнөт. Мис., суперкомпьютердин (CDC-6600, 1964) өндүрүмдүүлүгү 1 секда 10 млн операция болсо, ал эми тез ылдамдыктагы Roadrunner (IBM компаниясы иштеп чыккан, 2008) эң алгачкы болуп 1,026 петафлопс, б. а. 1 квадриллион операция/сек чегинен ашты.
К. ЭЭМге окшош, бирок электрондук К. башка да – электр-мех. (релелик) К., кванттык К.,
оптикалык К. да белгилүү. 21-к-да тирүү клетка, биомолекула, вирус ж.б-га негизделген биолог. К. жасоо б-ча изилдөө жүргүзүлүүдө. Колумбия ун-тинде (АКШ,2006) жөнөкөй ДНК-Кнын прототиби MAYA-II (Molekular Array of YES and
AND logic gates – логикалык элементтин мол.
матрицасы «ооба», «жок» ж-а «ж-а» операциясы) көрсөтүлгөн. К-дин сандык мүнөздөмөсүнүн
өсүшүнө (анын чакан, эптүү болушуна, тез иштөөсүнө ж. б.) ж-а баасынын төмөндөшүнө байланыштуу адистин иш ордунун гана атрибуту эмес, күнүмдүк турмуштун да атрибуту болуп калды. Бул программалык камсыздоо базарынын, а. и. даярдыгы жок колдонуучуга багытталган колдонмо программанын өсүшүнө, өз кезегинде суроо-талаптын көбөйүшүнө алып келди. Жеке К. м-н бир катар портативдик К. (ноутбук), чөнтөк К., жумушчу станция, сервер ж. б. да таркалган. Эң жөнөкөй К. – видеооюндар үчүн оюн түзмөктөрү, турмуш-тиричилик прибору, мобилдик телефон, сыналгы, фотоаппараттардын ишин башкаруучу орнотулма ж-а мобилдик эсептөө түзүлүштөрү эсептелет.
20-к-дын аягы – 21-к-дын башында К. маанилүү социалдык ж-а маданий феноменге айланды. К. технологиясын киргизүүнүн аркасында
өндүрүш, байланыш, банк иши, илим, билим, маданият, иск-во, ММК, турмуш-тиричиликте зор өзгөртүүлөр болууда. К. билим берүүнүн (аралыктан окутуу ж. б.), ил. маалыматтардын (JSTOR китепканасы, Интернет ж. б.), көркөм ж-а филос. чыгармалар ж. б. ад-ттардын (электрондук китепканалар ж. б. долбоорлор), адабий баалуулуктар (виртуалдык музей, экскурсия ж. б.) жетимдүүлүгүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. К-ди колдонуу жаңы көркөм технологиянын (компьютердик графика, компьютердик анимация, веб-дизайн ж. б.) пайда болушуна өбөлгө түздү.
Ад.: Полунов Ю. Л. От абака до компьютера: судьбы людей и машин. Т. 1–2. М., 2004–2005.
Ж. Асанкожоева.