КОМПЬЮТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМПЬЮ́ТЕР (англисче сomputer, сomputer – са­ноо, латынча – эсептөө дегенден) маалыматты иштетүү процессин автоматташтыруу үчүн кол­донулуучу түзүлүш. Компьютердин иш-аракети програм­ма аркылуу ишке ашырылат. «Компьютер» терминин 1- жолу 1946-ж. англиялык врач, илимпоз-энциклопе­дист Т. Браун киргизген. 1950-жылдан баштап эсептөө маселелерин чыгаруу үчүн компьютер деп атал­ган электрондук эсептөөчү машиналар (ЭЭМ) колдонула баштаган. 1834-ж. Ч. Бэббиж 1-жолу механикалык эсептөөчү машина куруу идеясын айткан. 1930–40-жыл­дары Бэббиждин идеясы боюнча программа м-н башкарылуучу, релелик эсептөөчү машиналар (К. Цузенин Z-1 ж-а Z-3, Г. Айкендин Mark–I) курулган. 21-кылымда компьютердин бир канча мууну ал­машты. Азыркы компьютер алгачкы компьютерден архитектурасы ж-а элементтик базасы м-н айырмаланат. Ж. Фон Неймандын айрым жоболору принци­пиалдуу болбогондуктан, мисалы, фон Неймандын убагынан бери экилик системаны тандоо, неги­зинен элементтик база м-н аныкталган. Бирин­чи ж-а экинчи муундагы компьютер ушуга негизделген. Бирок кийин фоннейман системасынын чектелүү экендиги байкалган. Бул системага ылайык, про­цессор эстен команданын бирин тандайт ж-а опе­рандды текшерип, команданы аткарат да, жы­йынтыгын эске жазат. Мына ошентип, эсептөө процесси эстин ырааты м-н (кадамдап) өзгөрүл­гөн абалына алып келет. Кийин жарым өткөр­гүчтүү технологиялар өнүккөндүктөн, оператив­дик эске караганда, борбордук процессордун иштөөсү дайыма тез өнүккөн, бул болсо компьютер өндүрүмдүү­лүгүн жогорулаткан. Бул каршылыкты жок кы­луу үчүн борбордук процессор м-н киргизүү-чыгаруу убактыларын бириктирүү, берилмени буферлөө, эсти бөлүштүрүү, тез регистрдеги эс, көп деңгээл­дүү кэш-эс ж. б-ды киргизүү ишке ашырылган. Бул чечимдер процессор м-н эстин иштешин тең салмактайт, бирок бир эле команданы аткаруу­дан арылтпайт. Башка архитектуралык чечимдер бир эле убакта бир топ командаларды аткарууга шарт түзөт: процессордун бир программасынын бир нече командасын иштетүү убактысын би­риктирүү (конвейер), бир убакта бир нече про­грамманы же бир эле команданы түрдүү берил­мелер м-н аткарган көп процессордуу эсептөө системасын түзүү ж. б-ды ишке ашырылды.
Агымдык эсептөө тармагындагы биринчи иш­тер 1968-ж. (Д. Адамс) пайда болгон ж-а бир канча агымдык компьютер макети түзүлүп, агымдык про­граммалоо тили Id (1978), SISAL (1983) ж. б. сунушталып, алгачкы коммерциялык компьютер ишке киргизилген. Агымдык архитектураны ишке ашыруу­да бир топ техникалык ж-а технологиялык оор маселелер (кө­лөмдүү эс-тутум, татаал туташтыргычты куруу зарылчылыгы) келип чыккан. Учурда жарыш компьютер өзүнүн архитектурасында эсептөө моделинин фон­неймандык ж-а агымдык элементтерин кам­тыйт.
Компьютер иштөө принцибине ж-а иштетилүүчү маа­лыматты көрсөтүү ыкмасына жараша аналог­дук ж-а санариптик, арналышы боюнча көп кыр­дуу (универсал) ж-а адистештирилген (башка­руучу, серверлер, жумушчу станция ж. б.) компьютер болуп айырмаланат. Тигил же бул мүнөздөмө­сүнө жараша (өндүрүмдүүлүгү, процессор ж-а эс­тин өткөрүү жөндөмдүүлүгү, оперативдүү эс сы­йымдуулугу, көлөмү ж. б.) суперкомпьютер (су­пер-ЭВМ), чоң компьютер (к. Мэйнфрейм), миникомпью­тер (к. Жеке компьютер), микрокомпьютерге бөлүнөт. Мисалы, суперкомпьютердин (CDC-6600, 1964) өндүрүмдүүлүгү 1 секундада 10 млн операция болсо, ал эми тез ылдамдыктагы Roadrunner (IBM компаниясы иштеп чыккан, 2008) эң ал­гачкы болуп 1,026 петафлопс, башкача айтканда 1 квадрил­лион операция/сек чегинен ашты.
Компьютер ЭЭМге окшош, бирок электрондук компьютер баш­ка да – электр-механикалык (релелик) компьютер, кванттык компьютер,оптикалык компьютер да белгилүү. 21-к-да тирүү клет­ка, биомолекула, вирус жана башкаларга негизделген био­логоялык компютер жасоо боюнча изилдөө жүргүзүлүүдө. Колум­бия университетинде (АКШ,2006) жөнөкөй ДНК-Кнын прототиби MAYA-II (Molekular Array of YES and AND logic gates – логикалык элементтин молекулалык матрицасы «ооба», «жок» ж-а «ж-а» операция­сы) көрсөтүлгөн. Компютердин сандык мүнөздөмөсүнүн өсүшүнө (анын чакан, эптүү болушуна, тез иш­төөсүнө ж. б.) ж-а баасынын төмөндөшүнө бай­ланыштуу адистин иш ордунун гана атрибуту эмес, күнүмдүк турмуштун да атрибуту болуп калды. Бул программалык камсыздоо базары­нын, анын ичинде даярдыгы жок колдонуучуга багыт­талган колдонмо программанын өсүшүнө, өз кезегинде суроо-талаптын көбөйүшүнө алып келди. Жеке компьютер м-н бир катар портативдик компьютер (ноутбук), чөнтөк компютери, жумушчу станция, сер­вер ж. б. да таркалган. Эң жөнөкөй комрьютер – видео­оюндар үчүн оюн түзмөктөрү, турмуш-тиричи­лик прибору, мобилдик телефон, сыналгы, фо­тоаппараттардын ишин башкаруучу орнотулма ж-а мобилдик эсептөө түзүлүштөрү эсептелет. 20-к-дын аягы – 21-к-дын башында компьютер маани­лүү социалдык ж-а маданий феноменге айлан­ды. Компьютер технологиясын киргизүүнүн аркасында өндүрүш, байланыш, банк иши, илим, билим, маданият, искусство, ММК, турмуш-тиричиликте зор өзгөртүүлөр болууда. Компьютер билим берүүнүн (ара­лыктан окутуу ж. б.), илимий маалыматтардын (JSTOR китепканасы, Интернет ж. б.), көркөм ж-а философиялык чыгармалар ж. б. адабияттардын (элек­трондук китепканалар ж. б. долбоорлор), ада­бий баалуулуктар (виртуалдык музей, экскур­сия ж. б.) жетимдүүлүгүн камсыз кылууда не­гизги ролду ойнойт. Компьютерди колдонуу жаңы көркөм технологиянын (компьютердик графика, ком­пьютердик анимация, веб-дизайн ж. б.) пайда болушуна өбөлгө түздү.


Ад.: Полунов Ю. Л. От абака до компьютера: судьбы людей и машин. Т. 1–2. М., 2004–2005.

Ж. Асанкожоева.