КОММУНАЛДЫК МАШИНАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОММУНАЛДЫК МАШИНАЛАР – эл жаша­ган аймактарды (шаар, кыштак), коомдук жай­ларды, имараттарды, кир кийимдерди хим. ж-а санит. жактан тазалоочу ар кандай маши­налар. Имараттарды тазалоо, кир жууш үчүн пайдаланылуучу аз кубаттуулуктагы ж-а кичи­не габариттүү машиналар турмуш-тиричилик приборлоруна кирет (к. Кир жуугуч, Чаң сор­гуч). Шаар чарбасында тазалоо иштерин атка­руучу алгачкы К. м. 19-к-дын 2-жарымында пайда болгон. Калк отурукташкан аймакты са-

Коммуналдык машиналар: 1 – КО-812-1; 2 – вакуум машинасы КО-503В; 3 – таштанды ташыгыч (КО-440-7); 4 – МКМ-1903.

нит. тазалоо атайын ассенизация (зыянсыздан­дыруучу) машиналары, таштанды ташыгыч, ылай сордургуч (канализация кудуктарын та­залоочу) машиналар м-н, жыйнаштыруу иште­ри шыпыруучу, суу чачып жуучу машиналар, кар тазалагыч, кум чачкыч ж. б. м-н жүргүзүлөт. Ассенизациялоочу К. м-да цистерна, соруучу на­сос ж-а шланг орнотулуп, суюк ыпластарды сор­дуруп ташып кетет. Катуу таштандыларды ж-а тиричилик калдыктарын ташуучу К. м. кузов­дуу ж-а контейнерлүү болот. Алар автоматтык түрдө таштандыны шыкоочу, жүктөөчү ж-а түшүрүүчү түзүлүштөр м-н жабдылат. Жайкы­сын тазалоо иштеринде (о. эле имараттын ичин тазалоодо) шыпыргыч, суу чачкыч, пол жуугуч, чаң соргуч, кышкысын кар шыпыргычтар, жүктөгүчтөр ж-а кум чачкыч ж. б. электрдик машиналар колдонулат. Ал эми хим. тазалоо иштеринде ар кандай мех. каражаттар, жуучу автоматтар пайдаланылат.