КОМИ ТИЛИ
КО́МИ ТИЛИ , к о м и - з ы р я н т и л и – Коми Респ-нда жашаган комилердин тили. Финн-угор тил уясынын пермь топчосуна кирет. К. т-нин жазмасы 14-к-да түзүлгөн. Онго жакын говору бар. Адабий тили Улуу Октябрь рев-ясынан кийин сыктывкар-вычегда говорлорунун базасында калыптанган. Комилер эки тамга (о, i) кошумчаланган орус алфавитин колдонот.