КОМИ ТИЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КО́МИ ТИЛИ , к о м и - з ы р я н т и л и – Коми Республикасында жашаган комилердин тили. Финн-угор тил уясынын пермь топчосуна кирет. Коми тилинин жазмасы 14-кылымда түзүлгөн. Онго жакын говору бар. Адабий тили Улуу Октябрь революциясынан кийин сыктывкар-вычегда говорлорунун базасында калыптанган. Комилер эки тамга (о, i) кошумчаланган орус алфавитин колдонот.