КОМИКС
КО́МИКС (англ. comic – күлкүлүү) – бир окуяга
байланышып, кыскача текст жазылган сүрөттөр сериясы. Заманбап К-тин баштоочусу деп швейцариялык сүрөтчү Р. Тёпфер эсептелет. К. 19- к-дын аягында АКШда газета чыгаруунун өнүгүшү м-н кеңири жайылып, 20-к-дын ортосунда К. «массалык маданияттын» эң кеңири тараган жанрларынын бирине айланган. К. дайыма классикалык, окуялуу, күлкүлүү ж-а фантастикалык чыгармаларды жайылтууда колдонулган.
Учурда К. комедиялык мүнөзүн жоготуп, аны –
кылмыш, согуш тууралуу «тири укмуштар» К-си, о. эле классиктердин чыгармаларын жөнөкөйлөтүүчү жалган тарыхый К. алмаштырды.