КОЛОРАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛОРАТУ́РА (италянча coloratura, лат. colo- ro – кооздоо) – вокалдык партиянын ж-а ыр­дын обонун кооздоп, көркөмдөп, түрлөнтө ат­к ару у ык мас ы. К . в ок ал дык м у зык анын көптөгөн түрлөрүндө бар. Ал Кайра жаралуу доорунан баштап чиркөө ырларында, айрым элдик профессионал ырдоо өнөрүндө (мис., азер­байжандыктардын ашугунда) кездешет. 18–19- к-дан тартып итал. операларда кеңири өнүккөн. Айрыкча аялдардын бийик үндөрүндө, лири­калык тенор, бас-буффаларда тараган. Чыг­лыктын өзүнчө бир көркөмдүк ыкмасы катары К-ны классик комп. А. Скарлатти, В. Моцарт, Ж. Россини, А. Дели, Ж. Верди, М. Глинка, Н. Римский-Корсаков, кыргыз комп. Н. Давле­сов ж. б. пайдаланышкан.