КОЛОРАТУРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЛОРАТУ́РА (италянча coloratura, латынча colo- ro – кооздоо) – вокалдык партиянын жана ырдын обонун кооздоп, көркөмдөп, түрлөнтө аткаруу ыкмасы. Колоратура вокалдык музыканын көптөгөн түрлөрүндө бар. Ал Кайра жаралуу доорунан баштап чиркөө ырларында, айрым элдик профессионал ырдоо өнөрүндө (мисалы, азербайжандыктардын ашугунда) кездешет. XVIII–XIX кылымдардан тартып италян операларында кеңири өнүккөн. Айрыкча аялдардын бийик үндөрүндө, лирикалык тенор, бас-буффаларда тараган. Чыгармачылыктын өзүнчө бир көркөмдүк ыкмасы катары колоратураны классик композиторлор А. Скарлатти, В. Моцарт, Ж. Россини, А. Дели, Ж. Верди, М. Глинка, Н. Римский-Корсаков, кыргыз композитору Н. Давлесов жана башкалар пайдаланышкан.