КОЛОМБО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛО́МБО , К о л а м б а – Шри-Ланка арал мамлекетиндеги шаар, Батыш провинциянын адм. борбору. 1983-ж. өлкөнүн борбору Шри- Джаяварденепура-Котте ш-на расмий көчү­рүлгөн.
Шри-Ланка а-нын түш.-батыш жээгинде, Ке­лани д-нын чатында жайгашкан. Инди океа­нындагы маанилүү деңиз жолдорунун кесили­шиндеги порт (дүйнөдөгү эң чоң жасалма гавань, аянты 2,25 млн м2). Өкмөт ж-а президент жайы. Калкы 678 миң (2008, шаар айланасы м-н Чоң Коломбо шаар агломерациясын түзөт; калкы 2,5 млн). Шаарды көптөгөн каналдар түйүнү кесип өтүп, К-ну Бейра көлү (шаардын борбо­рунда жайгашкан) м-н туташтырат. Маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. К-нун түн. ж-а түн.-чыгыш адм. чек арасы Келани д. аркылуу өтөт. 8-к-дан араб көпөстөрүнүн Ка­ланпу деген аталыштагы кыштагы, 14-к-дан Ко­лонтота деген ат м-н маанилүү соода борбору катарыбелгилүү.Ушулэлежерде1517-ж.пор­тугалдар Коломбо фортун негиздешип, 1593-ж. Х. Колумбдун урматына аташкан. К. 1802-жыл-


Коломбо шаарынын көрүнүшү.

дан Цейлон мамлекетинин, 1948-жылдан Цей­лон доминионунун, 1972-жылдан Шри-Ланка Респ-нын борбору.
Шаарда өлкөнүн финансы банк, камсыздан­дыруу ишканаларынын штаб-квартиралары ж-а Чоң К-до Шри-Ланкадагы 6 эркин экон. зо­нанын бешөө жайгашкан. Тамак-аш (корица ж. б. татымалдар), жеңил (булгаары буюм, кез­деме ж. б.), хим. (пластмасса, жер семирткич ж. б.), кеме куруу ж-а ремонттоо, бут-кийим, металлургия, машина куруу (станок ж-а анын жабдуулары), айнек ө. ж. ишканалары, шина з-ду иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Улуттук ИА, ун-ттер (а. и. Видьяланкара будда), мамл. ил.-из. департаменти ж-а ин-ттары (а. и. Улут­тук кеңеш, ө. ж. ж. б.), мед. ин-т, коллеждер (музыка, бий ж. б.), Улуттук музей (анын ас­тында китепкана ачылган; анда тарыхый баа­луу китеп, журналдар ж-а кол жазмалар сак­талган), улуттук архив, обсерватория (1907), ки­тепканалар, сүрөт гал., театрлар ж. б. бар. Фес­тивалдар (цирк артисттеринин Кэнди Эсала Пе­рахера, августта; буддага арналган Дуруту Пе­рахера, январда), чай аукциону (дүйнөдөгү эң ири) өткөрүлүп турат. К-дон түштүктө зоопарк уюштурулган. Аралдын тропиктик кооз табия­тына байланыштуу туризм өнүккөн.