КОЛЛОИД ХИМИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛО́ИД ХИМИЯСЫ – физ. химиянын гете­рогендүү дисперсиялык системалардын, колло­иддик эритмелердин ж-а ири молекулалык мас­салуу бирикмелердин физ.-хим. касиеттерин беттик кубулуштун негизинде үйрөтүүчү бөлүгү. «Коллоид» – крахмал, желимге окшош дегенди билдирет. К. х-нын негизги объектилерине: ири дисперсиялык системалар – суспенсия, эмуль­сия, күкүмдөр, микрогетерогендүү дисперсиялык системалар – аэрозолдор, көбүктөр, жогорку дис­персиялык системалар – коллоиддик эритмелер ж-а ири молекулалуу бирикмелер – полимер­лер, белок заттары, нуклеин к-талары ж. б.


кирет. К. х. коллоиддик абалдагы заттардын физ.-хим. касиеттерин, дисперсиялык даража­сын, бөлүкчөлөрдүн түзүлүшүн изилдейт. Диа­лиз, ультра чыпкалоо, электр осмос, ультрамик­роскопия, электрондук микроскопия, нефело­метрия ж. б. ыкмалардын өркүндөшү К. х-нын өзгөчө объектилерди изилдешине мүмкүндүк бер­ди. Азыркы К. х. молекула-кинетикалык кубу­луштарды (броун кыймылы, диффузия), беттик кубулуштарды (адсорбция, адгезия), дисперсия­лык фазанын пайда болушун, коллоиддик бө­лүкчөнүн түзүлүшүн, дисперсиялык системанын физ.-хим. механикасын ж. б. изилдейт. Колло­иддик абал жаратылышта кеңири таралган. Ал өсүмдүк м-н жаныбар организми, гидросфера, атмосфера ж. б. көп түрдүү ири дисперсиялык ж-а коллоид дисперсиялык системалардын та­таал жыйындысынан турат. Курулуш матери­алдарынын, силикаттардын, пластмасса, рези­на, тоо кендерин бургулоо ж. б. тех. процесстер­дин ил. негиздерин иштеп чыгууда К. х-нын маа­ниси чоң.


Ад.: Т. Т. Кудайбергенов, У. А. Асанов. Физколлоид­ная химия. Б. 2004; Щукин Е. Д., Перцов А. В., Амелина Е. А. Коллоидная химия. 5-е изд. М., 2007.

З. Р. Мусабекова.