КОЛЛОИД ХИМИЯСЫ
КОЛЛОИД ХИМИЯСЫ́ИД ХИМИЯСЫ – физикалык химиянын гетерогендүү дисперсиялык системалардын, коллоиддик эритмелердин ж-а ири молекулалык массалуу бирикмелердин физикалык-химиялык касиеттерин беттик кубулуштун негизинде үйрөтүүчү бөлүгү.«Коллоид» – крахмал, желимге окшош дегенди билдирет. Коллоиддик химиянын негизги объектилерине: ири дисперсиялык системалар – суспенсия, эмульсия, күкүмдөр, микрогетерогендүү дисперсиялык системалар – аэрозолдор, көбүктөр, жогорку дисперсиялык системалар – коллоиддик эритмелер ж-а ири молекулалуу бирикмелер – полимерлер, белок заттары, нуклеин кислоталары ж. б. кирет. Коллоид химиясы коллоиддик абалдагы заттардын физикалык-химиялык касиеттерин, дисперсиялык даражасын, бөлүкчөлөрдүн түзүлүшүн изилдейт. Диализ, ультра чыпкалоо, электр осмос, ультрамикроскопия, электрондук микроскопия, нефелометрия ж. б. ыкмалардын өркүндөшү колоид химиясынын өзгөчө объектилерди изилдешине мүмкүндүк берди. Азыркы колоид химиясы молекула-кинетикалык кубулуштарды (броун кыймылы, диффузия), беттик кубулуштарды (адсорбция, адгезия), дисперсиялык фазанын пайда болушун, коллоиддик бөлүкчөнүн түзүлүшүн, дисперсиялык системанын физикалык-химиялык механикасын ж. б. изилдейт. Коллоиддик абал жаратылышта кеңири таралган. Ал өсүмдүк м-н жаныбар организми, гидросфера, атмосфера ж. б. көп түрдүү ири дисперсиялык ж-а коллоид дисперсиялык системалардын татаал жыйындысынан турат. Курулуш материалдарынын, силикаттардын, пластмасса, резина, тоо кендерин бургулоо ж. б. техникалык процесстердин илимий негиздерин иштеп чыгууда коллоид химиясынын мааниси чоң.
Ад.: Т. Т. Кудайбергенов, У. А. Асанов. Физколлоидная химия. Б. 2004; Щукин Е. Д., Перцов А. В., Амелина Е. А. Коллоидная химия. 5-е изд. М., 2007.
З. Р. Мусабекова.