КОЖОМБЕРДИЕВ
КОЖОМБЕРДИЕВ Ысман (1928, Ош обл., Сузак р-ну, Үч-Малай кыш.– 1988, Бишкек) – кыргыздын туңгуч адис-археологу, тарых илимд. кандидаты (1987). 1950-ж. Кыргыз пед. ин-тун бүтүргөн. 1954–88-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунун ил. кызматкери, археология секторунун башчысы болуп иштеген. Кетмен-Төбө, Талас, Чаткал, Чүй өрөөндөрүнө жасалган археол. экспедицияларды жетектеп, коло дооруна ж-а байыркы көчмөндөргө таандык археол. эстеликтерди изилдеген. Айрыкча чыгыштан чыккан Улуу көч доору б-ча ил. изилдөөлөрү жаңы көз караштарды калыптандырган. Байыркы көчмөндөрдүн мыкты зергерлиги, аскер иши, чарбалык турмушун мүнөздөгөн табылгалары Кыргыз мамл. тарых музейинен көрүнүктүү орун алган. Ал 60тай ил. макалалардын автору.