КОЁН ТОМУК
КОЁН ТОМУК (Perovskia) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бийикт. 1 мге жеткен тарбагай бутактуу, өтө жыттуу чала бадал. Жалбырагы жөнөкөй же канаттай тилкелүү, тушташ жайгашкан. Көгүш-кызгылт гүлдөрү эки эриндүү. Топ гүлү – шыпыргыдай, мөмөсү – жаңгакча. Кырг-нда 5 түрү бар. Сай, таштак, шагыл жерде өсөт. Кооз, балдуу, эфир майлуу өсүмдүк. Жер үстүндөгү бөлүгүнөн алынган эфир майы парфюмерия өндүрүшүндө колдонулат, гүлүндөгү пигмент м-н кездемелерди кызгылт, мала кызыл түскө боёого болот. Коңул гүлдөй К. т. – уулуу өсүмдүк, андан алкалоид алынат.