КОЁН ТОМУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЁН ТОМУК (Perovskia) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бийиктиги 1 мге жеткен тарбагай бутактуу, өтө жыттуу чала ба­дал. Жалбырагы жөнөкөй же канаттай тилке­лүү, тушташ жайгашкан. Көгүш-кызгылт гүлдө­рү эки эриндүү. Топ гүлү – шыпыргыдай, мөмөсү– жаңгакча. Кыргызстанда 5 түрү бар. Сай, таштак,шагыл жерде өсөт. Кооз, балдуу, эфир майлуу өсүмдүк. Жер үстүндөгү бөлүгүнөн алынган эфир майы парфюмерия өндүрүшүндө колдонулат, гүлүндөгү пигмент м-н кездемелерди кызгылт, мала кызыл түскө боёого болот. Коңул гүлдөй коен томук – уулуу өсүмдүк, андан алкалоид алынат.