КОЁН СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЁН СЫМАЛДАР (Lagomorpha) – сүт эмүүчүлөр классынын түркүмү. 20-к-дын орто ченине че­йин К. с-ды кемирүүчүлөр түркүмүнүн түркүмчөсү деп эсептешкен (эки жуп кашка тиштүүлөр). Дене уз. 75 смге чейин жетет. Алдынкы буту 5, арт­кы буту 4 манжалуу. Кээ бир түрүнүн өңү-түсү ж-а анын түзүлүшү жыл мезгилине жараша өз­гөрүп, түлөп турат. Үстүнкү жаагында 2 жуп кашка тиши бар; алдынкы кашка тиштери ты­нымсыз өсүп тургандыктан, чоң болот. Арткы буту дайыма алдынкы бутунан узунураак. Куй­ругу кыска, кулагы узун. Бул түркүмдүн 4 туку­му, азыркы 2 тукуму: коён чычкандар (Gert- hidae) ж-а коёндор, 10 уруусунун 65 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө коёндор уруусунун 4 түрү, а. и. русак, ак коён, толай ж-а кроликтер кездешет. Тиричилигин күүгүмдө ж-а түнкүсүн өткөрөт. Саа­тына 70 кмге чейинки ылдамдыкта чуркайт.
Жалгыз жүрөт. Бир жылда 2–5 жолу, 2–8ден 15ке чейин бөжөк тууйт. Антарктидада, Түш. Американын түштүгү, Мадагаскар а-нан башка бардык жерде тараган. Ийинде жашайт, бөжөгү көзү ачылбаган, жылаңач ж-а алсыз, начар туу­лат. Арктикалык тундрадан тропик токойлор­го ж-а чөлдөргө чейин, тоолордо – альп зонасы­на чейин жашайт. Айыл ж-а токой чарбасына зыян келтириши мүмкүн. 4 түрү ТКЭСтин Кы­зыл китебине катталаган.