КОБУЛ
КОБУЛ – капталдары салыштырмалуу тик, узун, кууш, оёң жер. Жер бетиндеги К-га (рельеф пайда кылуучу дефляция, карст ж. б. процесстердин таасиринен пайда болгон) ж-а океан тереңдиктериндеги К-га бөлүнөт. Океандагы К. 5000 мден ашык тереңдиктерде жатып, уз. бир нече миң кмге, туурасы ондогон ж-а жүздөгөн кмге жетет. Дүйнөлүк океандын, о. эле бүт Жер шарынын эң терең жери – Тынч океандагы Мариана кобулу, анын тереңдиги 11 022 м.