КЛЯШТОРНЫЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЯ́ШТОРНЫЙ Сергей Григорьевич (4. 11. 1928- ж. т., Ленинград)

– түрколог, проф. (1989), та­рых илимд. доктору (2006), КР ИАнын ардак­туу академиги. Ленинград мамл. ун-тин бүткөн (1950). 1957–62-ж. СССР ИАнын Ленинград бөлүмүн­дө Чыгыш таануу ин-тунун ил. кызматкери, 1962-жыл­дан түрк-моңгол секторунун башчысы. Россия ж. б. чет элдик басмалардан 500дөн ашык ил. эмгеги жарык көр­гөн. Чет элдик (Түркия, Гер­мания, Венгрия, Моңго­лия) ил. коомдордун мүчөсү. Кырг-н, Казакстан, Татар­стандын тарыхына тийиштүү ири эмгектер м-н монографиялардын автору. Кыргыздардын ба­йыркы тарыхын, Енисей жазууларын, Орхон жа­зууларын, Талас, Кочкор өрөөнүндөгү рунн жазу­уларын изилдөөгө да өз салымын кошкон. Үчүн­чү даражадагы Манас ордени м-н сыйланган (2002).


Эмг.: Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964; Степные империи Евразии (в соавторстве) СПб., 1994.