КЛИШЕ
КЛИШЕ́ (фр. clicht) п о л и г р а ф и я д а – бийиктен (чыгыңкы) басуу ыкмасы м-н сүрөт оригиналдарынын так көчүрмөсүн алууга даярдалган басуу формасы. Так көчүрмөсү алына турган оригиналдын мүнөзүнө жараша К. штрихтүү ж-а растрлуу болот. Ш т р и х т ү ү К. сызыктардан, бир түрдүү тартылган сүрөттөрдөн (калем уч м-н чийилген сүрөт, чийме) жасалат. Ал эми түрдүүчө тартылган сүрөттөрдөн (фотографиядан, акварель, майлуу боёк м-н) р а с т рл у у К. алынат. К. жыгач (к. Ксилография), линолеум, цинк, латунь, жез ж-а пластмассага жасалат. Булардан цинктүү К. кеңири таралган. Аны даярдоо үчүн адегенде сүрөттүн оригиналы фотоплёнкага тартылат да, фотомех. жол м-н цинк пластинкасына (бетине жарык сезгич катмар сүйкөлгөн) көчүрүлөт. Андан хим. ж-а электр-хим. реакция аркылуу басылуучу элементтеринин ортосу ойдурулат. Жездүү К. даярдоодо басылуучу элементтердин ортосундагы бош жер кол м-н же хлордуу темир эритмесинде ойдурулат. К. электр гравюралык аппараттарда ылдам даярдалат. Бир К-ден 40–50 миң оттиск басылып алынат.