КЛАВЕСИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛАВЕСИ́Н (фр. clavecin) – клавишалуу чертме муз. аспап. 16-к-дан белгилүү. Ал псалтериум­дан, клавишалык механизмге бириктирүүдөн ж-а өркүндөтүүдөн жаралган. К-дин үнү укку­луктуу болгону м-н үзүлүңкү чыгат. Диапазону 4–5 октава. К. адегенде төрт бурчтуу, 17-к-дан темир кылдуу үч бурчтук формада, тышкы кел­бети көркөмдөлүп жасала баштаган. К-дин түрлөрү бар, а. и. тигинен турган аспап клави­цитериум деп аталат. К. жеке, камералык-ан­самблдик ж-а оркестрдик аспап катары пайда­ланылган. Француз К. мектебинин негиздөөчүсү

Италиялык чебер уста В. Тразутини­нин кутудагы клаве­сини. 1576. Өздүк коллекция (В ен е­ция).

Ж. Шамбоньер болгон. 17–18-к-дагы белгилүү клавесинчилер: Ф. Куперен, Ж. Рамо, Л. Дакен ж. б. Итал. комп. Д. Скарлатти (1685–1757) К-де чебер ойноо стилин түзгөн. К. англичандарга арпсихорд, немистерге кильфлюгель, италия­лыктарга клави-чембало (кыскача чембало) де­ген аттар м-н тараган. 18-к-дын аягында фран­цуз музыкасына кызыгуу төмөндөп, 20-к-дын аягында кайра жарала баштаган. Азыр байыр­кы музыканы аткаруу үчүн курамында К. бар ансамблдер түзүлүүдө.