КИТ КАРМОО ЧАРБАЧЫЛЫГЫ
КИТ КАРМОО ЧАРБАЧЫЛЫГЫ – океан, деңиздерде кит (финвал, кашалот ж. б.) уулаган балык уулоо тармагы. Киттин майы тамакашка, самынга, териси жеңил ө. ж. тармагына пайдаланылып, этинен консерва, белоктуу концентрат ж. б., боорунан витамин, дары-дармек жасалат. Кашалоттун амбрасы м-н спермацети парфюмерия ө. ж-нда керектелет. К. к. ч. Түн.
Муз океанында 17-к-да гренландия китин (уз. 20 м, салмагы 100 т) аң уулоодон башталган. 1904-ж. Антарктика сууларында кит уулоо башталып, кармалуучу киттердин саны 1910-ж. 12 миң баш, 1962-ж. 66 миң башка жеткен. 1967- ж. Антарктика сууларында совет ж-а япон кит уулоочу кемелери 24 миң кит (негизинен кашалот, финвал, сейвал) кармаган. Мындай ишаракет Дүйнөлүк океанда киттердин айрым түрүнүн кескин кыскарышына алып келген. Мис., кит уулоого чейин көк киттердин саны 30 миң
(азыр болжолдуу 1,6 миң), финвал – 100 миң
(7 миң), өркөчтүү (бүкүр) кит – 80 миң (1,5 миң)
ж. б. Ошондуктан эл аралык кит уулоо комиссиясы айрым кит түрлөрүн: көк китти (1965), финвалды (1976), сейвалды (1978), кашалотту (1980) ж. б. уулоого тыюу салган. 1970-жылдан болгону кидик жаян киттерди (саны болжолдуу 60 миңдей) уулоо гана уланууда. Кызыл китепке гренландия кити (болжолдуу саны 3000ге жакын), өркөчтүү (бүкүр) кит, финвал, көк кит, сейвал кирген. 1972-жылдан кит кармоого эл аралык көзөмөл белгиленген.