КИТ КАРМОО ЧАРБАЧЫЛЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТ КАРМОО ЧАРБАЧЫЛЫГЫ – океан, де­ңиздерде кит (финвал, кашалот ж. б.) уулаган балык уулоо тармагы. Киттин майы тамак­-ашка, самынга, териси жеңил ө. ж. тармагына пайдаланылып, этинен консерва, белоктуу кон­центрат ж. б., боорунан витамин, дары-дармек жасалат. Кашалоттун амбрасы м-н спермацети парфюмерия өнор жайында керектелет. Кит кармоо ч.арбачылыгы Түн.дук
Муз океанында 17-кылымда гренландия китин (узундугу 20 м, салмагы 100 т) аң уулоодон башталган. 1904-ж. Антарктика сууларында кит уулоо баш­талып, кармалуучу киттердин саны 1910-ж. 12 миң баш, 1962-ж. 66 миң башка жеткен. 1967- ж. Антарктика сууларында совет ж-а япон кит уулоочу кемелери 24 миң кит (негизинен каша­лот, финвал, сейвал) кармаган. Мындай иш­-аракет Дүйнөлүк океанда киттердин айрым түрү­нүн кескин кыскарышына алып келген. Мисалы, кит уулоого чейин көк киттердин саны 30 мин (азыр болжолдуу 1,6 миң), финвал – 100 миң (7 миң), өркөчтүү (бүкүр) кит – 80 миң (1,5 миң) ж. б. Ошондуктан эл аралык кит уулоо комис­сиясы айрым кит түрлөрүн: көк китти (1965), финвалды (1976), сейвалды (1978), кашалотту (1980) ж. б. уулоого тыюу салган. 1970-жылдан болгону кидик жаян киттерди (саны болжол­дуу 60 миңдей) уулоо гана уланууда. Кызыл китепке гренландия кити (болжолдуу саны 3000ге жакын), өркөчтүү (бүкүр) кит, финвал, көк кит, сейвал кирген. 1972-жылдан кит кар­моого эл аралык көзөмөл белгиленген.