КИТЕП ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕП ТААНУУ , б и б л и о л о г и я – китеп ж-дөгү комплекстүү илим. К. басма сөз басыл­маларынын жаралуу ж-а пайдалануу процессте­рин изилдейт. К. т. илими китеп тарыхын, бас­ма ишинин теориясын, методикасын ж-а уюш­турулушун, китеп соодасын, китепкана ж-а биб­лиогр. иштерди камтыйт. К. т. китеп ишин өнүк­түрүүгө ил. багыт берет, аны башка илимдер (адабият таануу, социология, психология, илим таануу, педагогика, информатика, статисти­ка) аркылуу жаңы ыкма м-н байытат. Китеп­тин тарбиялык, окуу, ил.-тех., маданий про­цесстеги ж-а эл аралык мамиледеги ролун ар бир тарыхый мезгилге шайкештигин ырастап турат. К. т. китептин коомдогу аткарган кыз­матын арттырууга шарт түзөт.


Ад.: Иоффе А. М., Сбитнева А. А. Книговедение и история книги. М., 1989; Мигонь К. Наука о книге. М., 1991.