КИТЕПКАНА ФОНДУ
КИТЕПКАНА ФОНДУ – китепканадагы белгилүү санда топтолгон ад-ттар; китептердин саны ж-а сапаты, анын уюштурулушу, сакталышы, илимдин түрдүү тармактарына бөлүнүшү, о. эле окурмандарга берилиши, ад-ттардын колдон колго өтүшү сыяктуу иштерди аткарат. К. ф. китепкананын аткарган милдетине ж-а К. ф-нун мазмунуна жараша универсал ж-а атайын деп бөлүнөт. Универсал К. ф. чоң китепканаларда, ал эми атайын К. ф. өндүрүштүн, илимдин тигил же бул тармагынын китепканасында топтолот. К. ф. мезгилдин талабына ылайык жаңы чыккан ад-ттар м-н дайыма толукталып, классификацияга салынып, илим тармактарына бөлүнөт, китепканалык текчеде классификациялык таблицада жайгашат. К. ф. китеп сактай турган бөлүмү бар китепканаларда же (андай бөлүмү жокторунда) тейлөө бөлүмүнүн алдында болот.