КИТЕПКАНА ФОНДУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИТЕПКАНА ФОНДУкитепканадагы бел­гилүү санда топтолгон адабияттар; китептердин саны жана сапаты, анын уюштурулушу, сакта­лышы, илимдин түрдүү тармактарына бөлүнүшү, ошондой эле окурмандарга берилиши, адабияттардын колдон колго өтүшү сыяктуу иштерди аткарат. китепкана фонду китепкананын аткарган милдетине жана китепкана фондунун мазмунуна жараша универсал жана ата­йын деп бөлүнөт. Универсал китепкана фонду чоң китепка­наларда, ал эми атайын китепкана фонду өндүрүштүн, илим­дин тигил же бул тармагынын китепканасын­да топтолот. Китепкана фонду мезгилдин талабына ыла­йык жаңы чыккан адабияттар менен дайыма толук­талып, классификацияга салынып, илим тар­мактарына бөлүнөт, китепканалык текчеде клас­сификациялык таблицада жайгашат. китепкана фонду ки­теп сактай турган бөлүмү бар китепканаларда же (андай бөлүмү жокторунда) тейлөө бөлүмүнүн алдында болот.