КИТЕПКАНА АРАЛЫК АБОНЕМЕНТ (КАА)
КИТЕПКАНА АРАЛЫК АБОНЕМЕНТ (КАА) – калкты китеп м-н тейлөөнүн түрү. Бардык эле китепканалар өзүндө жок китептерди окурмандардын суроолору б-ча башка китепканалардан убактылуу мөөнөткө сурап алууга акылуу. «СССРдин китепкана аралык абонементинин мамл. бирдиктүү курамы жөнүндөгү жобого» (1969) ылайык аймактык ж-а тармактык КАА уюштурулган. Кырг-нда КААнын мамл. бирдиктүү кызматын В. И. Ленин атн. респ. мамл. китепкана жетектеген. 2002-ж. КРдин жарандарды китепканалык-информ. тармактар б-ча тейлөөнү укуктук жактан камсыз кылуу ж-дөгү жобо кабыл алынып, бул ишти Кыргыз улуттук китепканасы ж-а жалпы элдик китепканалар аткарат. Учурда интернет аркылуу атайын электрондук каталогдор ачылган. Окурман каалаган китебин оңой таап ала алат.