КИТЕПКАНА АРАЛЫК АБОНЕМЕНТ (КАА)
КИТЕПКАНА АРАЛЫК АБОНЕМЕНТ (КАА) – калкты китеп менен тейлөөнүн түрү. Бардык эле китепканалар өзүндө жок китептерди окурмандардын суроолору боюнча башка китепканалардан убактылуу мөөнөткө сурап алууга акылуу. «СССРдин китепкана аралык абонементинин мамлекеттик бирдиктүү курамы жөнүндөгү жобого» (1969) ылайык аймактык жана тармактык КАА уюштурулган. Кыргызстанда КААнын мамлекеттик бирдиктүү кызматын В. И. Ленин атындагы республикалык мамлекеттик китепкана жетектеген. 2002-жана КРдин жарандарды китепканалык-информациялык тармактар боюнча тейлөөнү укуктук жактан камсыз кылуу жөнүндөгү жобо кабыл алынып, бул ишти Кыргыз улуттук китепканасы жана жалпы элдик китепканалар аткарат. Учурда интернет аркылуу атайын электрондук каталогдор ачылган. Окурман каалаган китебин оңой таап ала алат.