КВАНТТЫК КҮЧӨТКҮЧ
КВАНТТЫК КҮЧӨТКҮЧ – зат аркылуу өтүүчү электр-магнит толкундарынын энергиясын ал заттын дүүлүккөн атом молекуласы же иондордун аргасыздан нур чыгаруу эсебинен көбөйтүүчү (күчтөндүрүүчү) түзүлүш. Бул учурда электр-магнит толкундары баштапкы жыштыгын, таралуу багытын, полярлашуусун өзгөртпөйт ж-а күчөтүүчү түзүлүшкө түшүүчү толкунга когеренттүү бойдон кала берет. К. к. күчтөндүргөн энергиянын чоңдугу, кыймылы кванттык механикада аныкталуучу атомдун ичиндеги электрондордун энергиясынын өзгөрүүсүнө байланыштуу. К. к-тө башкы ролду индукциялык нурлануу ж-а жутуу процесстери ээлейт. Күчөткүчтөн чыккан термелүүнүн амплитудасы ага кирген термелүүнүн амплитудасынан канча эсе чоң экендигин көрсөтүүчү чоңдук күчөтүү коэффициенти деп аталып, ал күчөткүчтүн негизги мүнөздөмөсү болуп эсептелет. Радиоастрономия м-н радиолокацияда төмөнкү темп-радагы парамагниттүү К. к., лазердик нурлануунун энергиясын күчөтүү үчүн оптикалык К. к. колдонулат.