КВАЗАРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАЗАРЛАР (англ. quasar, quasistellar radiosource – радионурлануунун квазижылдыз­дык булагы дегенден) – өтө кичине бурчтук өлчөмгө ээ ж-а Күн системасынан бир нече миң­деген Мпк алыс жайгашкан космостук же ква­зижылдыздык объектилер. Оптикалык түрү жа­гынан жылдызга, ал эми спектрлеринин мүнөзү б-ча газ тумандуулугуна окшош. К. өтө кубат­туу галлактикаларга караганда ондогон эсе көп энергия чыгарат. Дагы бир теорияга ылайык К. – ургаалдуу нурланууга ээ болгон зор кара тешиктен турган галлактиканын борб. бөлүгү. Айрым К-да жаркырактык байкалат ж-а тез өзгөрүп турат. К-дын табияты толугу м-н изил­дене элек.