КАТЫН-АРТ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЫН-АРТ АШУУСУ Алай кырка тоосунда.
Алай (түш.) ж-а Гүлчө (түн.) өрөөндөрүн бай­ланыштырат. Бийикт. 3514 м. Тоо кыркала­рынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 200– 300 м. Ашуунун бели анча татаал эмес. Тоо кыр­лары тайпак, түздүктүн калдыктары кездешет. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен тү­зүлгөн. Ашуу аркылуу Ош – Хорог автомобиль жолу өтөт.