КАТУУЛУК
КАТУУЛУК ф и з и к а д а – материалдын бекемдигин ж-а ийилгичтигин мүнөздөөчү мех. касиет. 1) К. изилденүүчү материал бетине шарикти матыруу же учтуу призма аркылуу из калтыруу жолу м-н аныкталат. К-ту аныктоодо бир канча ыкмалар белгилүү. Виккерс (англ. аскер-өндүрүш концерни «Виккерс») ыкмасында стандарт өлчөмдө жасалган алмаз пирамидасынын учтуу учун бети жылмаланган нерсеге матырып басуу күчүнүн 1 мм2 аянтка из (так) калтырышы аркылуу К. аныкталат. Швед инженери Ю. А. Бринеллдин ыкмасы б-ча К. шариктин басуу күчүнүн, шарик калтырган издин аянтына болгон катышы аркылуу, амер. металлург С. П. Роквеллдин ыкмасы б-ча К. шариктин же призманын басуу күчүнүн пайда болгон издин тереңдигинин бийиктигине болгон катышы аркылуу аныкталат. Минералогияда К. Моос шкаласы б-ча эсептелет; 2) констр. элементтин деформацияга (созуу, ийүү, толгоо ж. б.) каршылык көрсөтүүсү, ал материалдын кесилишинин геом. мүнөздөмөсүнө ж-а физ. касиетине (серпилгичтүүлүк модулуна) көз каранды.