КАТАЕВ
КАТА́ЕВ Валентин Петрович [16 (28). 1. 1897, Одесса – 12. 4. 1986, Москва] – орус жазуучусу, Соц. Эмг. Баатыры (1974). Чыг-лыгы 1910-жылдан башталган. 1926–28-ж. «Ысырапкорлор» повестин, «Ар кандай чечилбес иш» комедиясын жазган. 1932–45-ж. аны чебер прозачы катары дүйнөгө тааныткан «Убакыт, алга», «Бүлбүлдөйт жалгыз жел кайык», «Полктун уулу» (1946, СССР мамл. сыйл.) аттуу чыгармаларын жараткан. К. – «Касиеттүү кудук» (1967), «Кубик» (1969) аттуу мемуардык повесттердин ж-а «Дубалдагы кичинекей темир каалга» (1964), «Унуткаруу чөбү» (1967), «Алмаздуу шөкүлөм» (1978) аттуу публ. повесттердин автору. Анын айрым чыгармаларын кыргыз тилине А. Алдашев, К. Эшмамбетов, К. Алиев, Р. Сулайманкулов, Ш. Шамурзаев ж. б. которгон. Үч Ленин ордени м-н сыйланган.