КАТАЕВ
КАТА́ЕВ Валентин Петрович [16 (28). 1. 1897, Одесса – 12. 4. 1986, Москва] – орус жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). Чыгармачылыгы 1910-жылдан башталган. 1926–28-жылдарда «Ысырапкорлор» повестин, «Ар кандай чечилбес иш» комедиясын жазган. 1932–45-жылдарда аны чебер прозачы катары дүйнөгө тааныткан «Убакыт, алга», «Бүлбүлдөйт жалгыз жел кайык», «Полктун уулу» (1946, СССР мамлекеттик сыйлыгы) аттуу чыгармаларын жараткан. Катаев «Касиеттүү кудук» (1967), «Кубик» (1969) аттуу мемуардык повесттердин ж-а «Дубалдагы кичинекей темир каалга» (1964), «Унуткаруу чөбү» (1967), «Алмаздуу шөкүлөм» (1978) аттуу публицистикалык повесттердин автору. Анын айрым чыгармаларын кыргыз тилине А. Алдашев, К. Эшмамбетов, К. Алиев, Р. Сулайманкулов, Ш. Шамурзаев ж. б. которгон. Үч Ленин ордени м-н сыйланган.