КАССИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАССИ́Н Николай Григорьевич [1 (13). 12. 1885, Россия, Киров обл., Гнусино кыш. – 28. 10. 1949, Алматы] – илимпоз, геология-минералогия илимд. доктору (1937), Казакстан ИАнын ака­демиги (1946). СССР мамл. сыйл. лауреаты (1946). Санкт-Петербург тоо-кен ин-тун бүткөн (1913). Негизги эмгектери Казакстандын геол. түзүлүшүн ж-а кен байлыгын изилдөөгө арнал­ган. Казакстандын геол. картасын алгачкы тү­зүүчүлөрдүн бири. Ал 1914–15-ж. Ысык-Көлгө экспедиция м-н келип, геол., гидрогеол. ж-а гид­рогеогр. бай материал чогулткан. Натыйжада азыр­кы мезгилге чейин өзүнүн актуалдуулугун жогото элек капиталдык эмгек жарык көргөн. Бул эмге­гинде, о. эле Чыгыш Казакстандын геологиясына тийиштүү көптөгөн маанилүү маалыматтарды бер­ген. 2 Ленин, I даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Медные месторождения Восточного Ка­захстана. М.; Л., 1931 (соавт.); Геологическая карта Восточного Казахстана масштаба 1:1 500000. М., 1939; Развитие геологических структур Казахстана.
А.-А., 1951–52.