КАССИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАССИ́Н Николай Григорьевич [1 (13). 12. 1885, Россия, Киров облусу, Гнусино кыштагы – 28. 10. 1949, Алматы] – илимпоз, геология-минералогия илимдеринин доктору (1937), Казакстан ИАнын ака­демиги (1946). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946). Санкт-Петербург тоо-кен институтун бүткөн (1913). Негизги эмгектери Казакстандын геологиялык түзүлүшүн ж-а кен байлыгын изилдөөгө арнал­ган. Казакстандын геологиялык картасын алгачкы тү­зүүчүлөрдүн бири. Ал 1914–15-жылдарда Ысык-Көлгө экспедиция м-н келип, геологиялык, гидрогеологиялык ж-а гид­рогеографиялык бай материал чогулткан. Натыйжада азыр­кы мезгилге чейин өзүнүн актуалдуулугун жогото элек капиталдык эмгек жарык көргөн. Бул эмге­гинде, ошондой эле Чыгыш Казакстандын геологиясына тийиштүү көптөгөн маанилүү маалыматтарды бер­ген. 2 Ленин, I даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Медные месторождения Восточного Ка­захстана. М.; Л., 1931 (соавт.); Геологическая карта Восточного Казахстана масштаба 1:1 500000. М., 1939; Развитие геологических структур Казахстана.
А.-А., 1951–52.