КАСАН-САЙ СУРЬМА КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСАН-САЙ СУРЬМА́ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нунда, Чаткал кырка тоосу­нун түш.-чыгыш капталындагы Касан-Сай суу­сунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1420–1700 м бийикте. 1934-ж. табылып, 1936–72-ж. мезгил­мезгили м-н чалгындалган. Кен аймагын про­терозой заманынын аягында пайда болгон аки­таш м-н сланецтер түзөт. Кенташ негизинен бул тектердин кошулган жеринде, кээде акиташ те­гинин арасындагы брекчия кабаттарында кези­гет. Кенташ кабатча түрүндөгү барит, кварц, кальцит, антимонит, сфалерит ж-а сейрек кез­дешүүчү минералдардан турат. Брекчия крем­нийлүү тектердин сыныктарынан түзүлүп, кварц, антимонит, кээде барит, кальцит м-н цемент­телген. Кенташ тулкуларынын уз. 30–300 мге созулуп, калыңдыгы 0,7–7,0 мге жетет. Кен герцин металлогениялык доорунда гидротерм­ден пайда болгон. Сурьманын орт. өлчөмү 3,48%. Кенташтын запасы С2 категориясы б-ча 1123 миң т, сурьманыкы 39087 т.