КАСАН-САЙ СУРЬМА КЕНИ
КАСАН-САЙ СУРЬМА́ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы Касан-Сай суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1420–1700 м бийикте. 1934-жылы табылып, 1936–72-жылдарда мезгил-мезгили м-н чалгындалган. Кен аймагын протерозой заманынын аягында пайда болгон акиташ м-н сланецтер түзөт. Кенташ негизинен бул тектердин кошулган жеринде, кээде акиташ тегинин арасындагы брекчия кабаттарында кезигет. Кенташ кабатча түрүндөгү барит, кварц, кальцит, антимонит, сфалерит ж-а сейрек кездешүүчү минералдардан турат. Брекчия кремнийлүү тектердин сыныктарынан түзүлүп, кварц, антимонит, кээде барит, кальцит м-н цементтелген. Кенташ тулкуларынын узундугу 30–300 мге созулуп, калыңдыгы 0,7–7,0 мге жетет. Кен герцин металлогениялык доорунда гидротермден пайда болгон. Сурьманын орточо өлчөмү 3,48%. Кенташтын запасы С2 категориясы боюнча 1123 миң т, сурьманыкы 39087 т.