КАРАГАЙ
КАРАГАЙ (Рiсеа) – мырза карагай тукумундагы өсүмдүктөр уруусу. Баалуу токой түзүүчү дайыма жашыл, кооз дарак. Сөңгөгү тик, конус сымал, шагы калың, тамыры жерге терең кетпейт. Ийне сымал жалбырагы 4 кырлуу, кээде

жалпак, 7–9 жылга чейин түшпөйт. Аталык тобурчагы жалгыздан, кызыл же сары, чаңчасы 2ден аба баштыкчалуу. Энелик тобурчагы катуу, уругу канатчалуу. Көлөкөгө, суукка чыдамдуу. Коңур күздөгү, эрте жаздагы суук, кургакчылыктан, түтүн ж-а ыштан жабыркайт. Карагай 300, 500 жыл өсөт. Европа, Азия ж-а Түндүк Америкада 40ка жакын түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 9 түрү кездешет. Кыргызстандын деңиз деңгээлинен 2000–2750 м бийиктиктеги тоолорунда 3 түрү (Тянь- Шань карагайы, Роберт карагайы ж-а Шренк карагайы) өсөт. Жыгачы ак, жеңил ж-а жумшак. Андан чайыр, канифоль, скипидар, жыгач уксусу, спирт, өңдөгүч заттар алынат. Алар башка өсүмдүктөр м-н бирге абадан көмүр кычкыл газын сиңирип, органикалык заттарды пайда кылып, абадагы кычкылтекти көбөйтөт. Тамыры кыртышты эрозиядан ж-а андагы нымдуулукту сактайт. Карагай өзгөчө заттарды (фитонциддерди) бөлүп чыгарат. Курулушта, целлюлоза-кагаз өндүрүүдө, музыкалык аспаптарды жасоодо пайдаланылат. Токой тилкелерине, парк м-н жол боюна кооз өсүмдүк катары отургузулат.