ЗВЕРЕВ
ЗВЕ́РЕВ Николай Александрович [19.12.1921, Кыргыз АССРи, Акмоло (азыркы Астана) шаары – 29.7.1986] – Советтер Союзунун Баатыры (1944). Улуу Ата Мекендик согушка чейин Кыргызстанга көчүп келип, Токмок шаарында жашаган. Советтик Армияга 1941-жылы чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта 32-гвардиялык аткычтар полкунда (12- гвардиялык аткычтар дивизиясы, 61-армия,

Борбордук фронт) взвод командиринин жардамчысы, гвардиянын сержанты. Зверев Днепрден өтүүдө ж-а анын батыш жээгиндеги плацдармды ээлеп, андан ары жол ачууда зор эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатыры деген наам алган. Ленин, 1- даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.