КАРА КУЛАК ШЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:30, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КУЛАК ШЕР , г е п а р д (Асinonyх jubatus) – мышык сымалдар тукумундагы сүт эмүүчү жаныбар. Дене узундугу 123–150 см, куйругу 63–75 см, шыйрагы узун, ичке.

Кулагы тегерек, кичине, түсү саргыч боз, майда кара тактары бар. Баласынын жон жагында узун жүнү бо­лот. Африкада, Кичи ж-а Борбордук Азияда, Индия­да, Түркияда жашайт. Күндүз активдүү. 84–95 күн көтөрүп, 2–4 бала тууйт. Туяктуу жаныбарды аңдып жүрүп, аны кууп жетип, жейт. Саны азайып кеткендиктен, ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.