КАРА КУЛАК ШЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА КУЛАК ШЕР, г е п а р д (Асinonyх jubatus) – мышык сымалдар тукумундагы сүт эмүүчү жаныбар. Денесинин узундугу 123–150 см, куйругу 63–75 см, шыйрагы узун, ичке.


Кулагы тегерек, кичине, түсү саргыч боз, майда кара тактары бар. Баласынын жон жагында узун жүнү болот. Африкада, Кичи ж-а Борбордук Азияда, Индияда, Түркияда жашайт. Күндүз активдүү. 84–95 күн көтөрүп, 2–4 бала тууйт. Туяктуу жаныбарды аңдып жүрүп, аны кууп жетип, жейт. Саны азайып кеткендиктен, ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.