КАРЫЗ
КАРЫЗ – мурда түзүлгөн келишимге ылайык бир жеке адам же юрид. жак башка жеке адамдарга же юрид. жактарга берүүчү акча же башка активдердин белгилүү бир суммасы. К. эгер бир жылдан ашык убакытта кайтарылбаса– узак мөөнөттүү болуп саналат. Карыздакордун төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам жабууга мүмкүн болбосо– К. кайтарымсыз болушу мүмкүн. Жеке адамдардын К-ына күрөөлүк– бөлүп төлөнмө кредит– банк ссудалары ж-а овердрафт кирет. Мамлекеттик карыз узак мөөнөттүү облигациялар ж-а кыска мөөнөттүү казыналык векселдер түрүндө болушу мүмкүн.