КАРКЫРА ТУЗ КЕНИ
КАРКЫРА ТУЗ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Түп р-нунда, Каркыра суусунун сол жээгинде, Каракол ш-нан 90 км чыгыш, түн.-чыгышта, деңиз деңг. 1800 м бийикте. Неоген мезгилинде пайда болгон туздуу катмарда, уз. 15 км, туурасы 2 км. Туздар 1,0–0,5 м тереңдикте жатат. Жыргалаң ж-а Туз-Суу сууларынын боюндагы туздуу булактарга карап, тереңдикте галит тузунун калың кабаты бар деген тыянакка келүүгө болот. Туз кени начар изилденген. Болжолдуу ресурсу 30–40 млн т.