КАРКЫРА ТУЗ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКЫРА ТУЗ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Каркыра суусунун сол жээгинде, Кара­кол шаарынан 90 км чыгыш, түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1800 м бийикте. Неоген мезгилинде пай­да болгон туздуу катмарда, узундугу 15 км, туурасы 2 км. Туздар 1,0–0,5 м тереңдикте жатат. Жыр­галаң ж-а Туз-Суу сууларынын боюндагы туз­дуу булактарга карап, тереңдикте галит тузу­нун калың кабаты бар деген тыянакка келүүгө болот. Туз кени начар изилденген. Болжолдуу ресурсу 30–40 млн т.