КАРИМОВ Ислам Абдуга­ниевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРИМОВ Ислам Абдуга­ниевич (30. 1. 1938-ж. т., Өзбекстан, Самар­канд ш.) –

Өзбекстан мамл. ж-а саясий ишме­ри; Өзбекстан президенти, Өзбекстан ИА акаде­миги (1994), Өзбекстан Эл баатыры (1994). О. Азия по­литехника ин-тун (1960), Ташкент а. ч. ин-тун (1967) бүткөн. 1960–61-ж. «Таш­кент айыл чарба машинала­ры» з-дунда мастердин жар­дамчысы, улук мастер, тех­нолог, 1961–66-ж. Чкалов атн. Ташкент авиация өн­дүрүштүк бирикмесинде ин­женер, жетектөөчү инженер, конструктор, 1966–83-ж. Өзбекстан Мамл. план­доо к-тинин башкы адиси, бөлүм башчысы, төра­ганын 1-орун басары, 1983–86-ж. Өзбекстан фи­нансы министри, 1986-ж. Министрлер Совети­нин төрагасынын орун басары, Мамл. пландоо к-тинин төрагасы. 1986–89-ж. Өзбекстан КП Кашка-Дарыя обкомунун 1-секретары, 1989– 91-ж. Өзбекстан КП БКнын 1-секретары, 1990- жылдан Өзбекстан Президенти ж-а Министрлер кабинетинин төрагасы. 1995-ж. 25-мартта Бүт­күл элдик референдумдун чечими м-н К-дун президенттик ыйгарым укугу 2000-ж. чейин узартылган. 2000-, 2007-ж. Бүткүл элдик шай­лоодо К. Өзбекстан Респ-нын Президенти болуп кайрадан шайланган. 2002-ж. референдумдун не­гизинде президенттик ыйгарым укук 5 жыл­дан 7 ж. чейин узартылган. Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, Амир Темир ордендери м-н сый­ланган.